Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Шакиев кыз-келиндер көчөгө күндүз да баса албай калганын айтты


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев акыркы күндөрдө жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ыргытылган үч окуя катталганы боюнча пикирин билдирди.

Төрага 22-ноябрда парламенттин жалпы отурумун ачып жатып, мындай окуялардын алдын алуу үчүн коомдук коопсуздукту күчөтүү зарыл экенин белгиледи.

"Аялдарга зордук-зомбулук күчөп, жаңы төрөлгөн үч ымыркайдын көчөгө ташталганы жана башка бир топ маселелер болуп жатат. Мен кечээ ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугуп, бул маселени такууладык. Бул терс көрүнүштөрдү жоюу максатында чоң, зарыл чаралар көрүлүшү керек. Коомдук жайларга видео көзөмөл орнотууну күчөтүү зарыл, себеби биздин кыз-келиндерге көчөдө түнкүсүн эмес, күндүз да жүрүү коркунучтуу болуп калды. Өкмөт менен милиция тиешелүү чараларды көрбөсө, ишти күчөтүлгөн тартипте алып барбаса - бул коомго чоң коркунуч", - деди Нурланбек Шакиев.

Ымыркайлардын көчөгө ыргытылышы боюнча 20-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана балдардын укугун коргоо менен алектенген мамлекеттик органдардын жетекчилери кеңешме өткөргөн. Анда жашы жете электерди зомбулуктан сактоо, балдардын укутарын жана кызыкчылыктарын коргоо, турмуштук оор кырдаалга кептелген үй-бүлөлөргө мамлекеттен ар тараптуу жардам көрсөтүү, кароосуз калган балдарды башка үй-бүлөлөргө жайгаштыруу айтылды.

Соңку күндөрү Кыргызстанда жаңы эле төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кеткен үч окуя катталды.

20-ноябрда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, 18-ноябрь күнү таңга жуук таштанды челектен табылган ымыркай кыздын абалы туруктуу.
19-ноябрда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде көчөдөн жаңы туулган ымыркай табылган. Милиция кызматкерлери баланы төрөт үйүнө жеткиришкен. Ал жерден жандандыруучу жардам берилген. Баласын таштоого шек саналып 20 жаштагы келин кармалды.

8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. 11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Кийинчерээк Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тилкат менен камактан бошоткон. Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG