Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Бакуда Abzas Media эркин басылмасынын журналисттери кармалды


Севинж Вагифкызы
Севинж Вагифкызы

Азербайжанда Abzas Media көз карандысыз басылмасынын башкы редактору Севинж Вагифкызы кармалды. Ал валюта аткезчилигине шектелгенин “Азаттыктын” азери кызматы маалымдады.

Вагифкызы Бакунун аэропортуна чет өлкөдөн учуп келген жеринен кармалган. Үйүндө тинтүү жүрдү. Адвокат Элчин Садыговдун айтымында, тинтүү учурунда эч кандай мыйзамсыз нерселер табылган жок. Вагифкызы аны журналисттик ишмердиги жана басылманын иши үчүн куугунтуктап жатышат деп эсептейт.

Анын алдыңкы күнү Abzas Media басылмасынын директору Улви Гасанлы аэропортко баратканда кармалган. Ал дагы аткезчиликке шектелүүдө. Бийликтин айтымында, басылманын кеңсесинде 40 миң евро табылды. Журналисттин адвокаты билдиргендей, Гасанлы андай акчаны деги эле көрбөгөнүн айтты. Ал ошондой эле кармоо учурунда жана полиция бөлүмүндө таяк жегенине даттанды. Гасанлынын айтымында, полиция кызматкерлери маалымат каражатынын коррупцияга каршы иликтөөлөрү тууралуу суроолорду беришкен.

Abzas Media Гасанлыны куугунтуктоонун артында Азербайжандын президенти Илхам Алиев турат деп эсептейт.

“Биз президент жана ал дайындаган аткаминерлердин коррупциялык кылмыштары жөнүндө иликтөөлөрдү жарыялаганбыз. Гасанлы ошол иликтөөлөргө байланыштуу кармалды деп санайбыз. Президент кылмыштары тууралуу маалымат тарап кетпесин деп, бизди жабуу үчүн Гасанлыны камакка алууга буйрук бериши мүмкүн”, - деп айтылат Abzas Media жасаган билдирүүдө.

Гасанлыны бошотуу талабы менен азери бийлигине “Чек арасыз кабарчылар” уюму жана Европанын журналисттер федерациясы кайрылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG