Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгы белгиленди


Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгы белгиленди.

"Өрнөктүү элден бата алып, Өнөргө болдук аталык" аталышындагы салтанаттуу иш-чарага Замирбек Үсөнбаев өзү, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баш болгон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана төкмө акындын шакирттери катышты.

Маданий саамалыкта Замирбек Үсөнбаевдин ырларын аткаруучулар арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү да аныкталды.

Сынак 19-ноябрда Кыргыз улуттук “Манас” театрында өтүп, ага 30дан ашуун өнөрпоз катышкан.

Байге фонду 1 миллион сомду түзгөн конкурста баш байгени дастанчы Нурсултан Кадыралиев жеңсе (200 миң сом), биринчи орунга дастанчы Өмүрзак Кайыпов (150 миң сом), 2-орунга "Азаттыкка" каарман болгон англиялык студент, дастанчы Самуэл Жорж менен дастанчы Жанат Канат уулу (100 миң сом) ээ болду. 3-орунга Иманбек Жээнбеков менен Эрбол Абыкеев (60 миң сом) татыса, Гулина Калыгулова менен Арген Биймырза уулуна кызыктыруучу сыйлык (35 миң сом) тапшырылды.

Былтыр 31-августта Кыргызстандын Эгемендик күнүнө жана Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өткөн, анын байге фонду 3 миллион сомду түзгөн.

Замирбек Үсөнбаев атактуу төкмө Алымкул Үсөнбаевдин уулу. Учурда үйүндө дарыланып жаткан эл артисти тууралуу "Азаттык" 2022-жылы көрсөтүү даярдаган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG