Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Тажикстанда оппозициячыл журналисттин агасы убактылуу кармоочу жайдан табылды


Аслиддин Шарипов.
Аслиддин Шарипов.

Тажикстандагы оппозициячыл телеканалдын башчысы Шавкат Мухаммадинин бир тууганы өлкө түндүгүндөгү Кожент шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан табылды. Бир нече жума мурда ал Орусиядан экстрадицияланган. Туугандарынын айтымында, азырынча Аслиддин Шариповго аларды киргизе элек. 30-ноябрда Норвегиядагы Хельсинки комитети тажик бийлигин Шарипов кайда экенин ачыктоого чакырган.

Учурда Евробиримдиктин аймагында жашаган, Payom интернет-телеканалынын директору Шавкат Мухаммади буга чейин "Озоди" радиосуна тажик бийлиги бир тууганынын кайда экенин айтуудан баш тартканын билдирген эле.

Орусиядагы Екатеринбург шаарынын полициясы Шариповду 2022-жылдын сентябрь айында кармап, быйыл 1-октябрда Тажикстанга экстрадициялаган. Расмий Дүйшөмбү Шариповдун окуясы боюнча комментарий бере элек.

Шавкат Мухаммади билдиргендей, тажик бийлиги ага басым жасоо үчүн бир тууганын куугунтукка алууда. Анын Орусиядагы адвокаты Нина Четверикованын айтымында, Аслиддин Тажикстанда "тыюу салынган уюм менен кызматташкан жана анын ишмердүүлүгүн Интернет аркылуу жайылткан" деп айыпталууда.

Эгер күнөөлүү деп табылса, Шарипов сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Чет жакта жашаган ондогон оппозициячыл саясатчылар жана активисттерге мекенинде террорчулук жана экстремизм боюнча айып тагылып, издөө жарыяланган.

Борбор Азиядагы бул мамлекетти дээрлик 30 жылдан бери башкарып келаткан президент Эмомали Рахмон башкача ой жүгүрткөндөрдү басмырлап, оппозицияны куугунтуктап, жарандык коомдун үнүн басып, көз карандысыз маалымат каражаттарына кысым көрсөткөнү үчүн эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG