Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Кара-Көл: үч тестиер сегиз күндөн бери изделип жатат


Кара-Көл шаарынын кире бериши
Кара-Көл шаарынын кире бериши

Кара-Көл шаарынын тургундары - 2010-жылы туулган Мураталиев Нурислам, 2012-жылкы Мураталиев Нурмуханбет, 2010-жылы туулган Мамбетов Замирбек 12-ноябрдан бери дайынсыз болууда. Аларды акыркы жолу саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жатышкан жеринен көрүшкөн.

Балдардын ата-энелери аларды табууга көмөк сурап, милицияга кайрылышкан.

Милиция балдарды издөө иштери жүрүп жатканын кабарлап, көргөн-билгендер болсо кабар берип коюуну коомчулуктан суранды.

"Мураталиев Нурисламдын бою-1,35-1,40 сантиметр, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто бойлуу. Кара күрмө, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара спорттук бут кийимчен чыккан.

Мураталиев Нурмуханбеттин бою-1,25-1,30 сантиметр, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто бойлуу. Кочкул кызыл түстөгү кемсел, кара түстөгү спорттук шым, ак бут кийимчен.

Мамбетов Замирбектин бою-1,45-1,50 сантиметр, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто бойлуу, кара түстөгү күрмө, көгүш түстөгү кемсел, кара түстөгү спорттук шым, бутунда ак-кара түстөгү спорттук бут кийим болгон", - деп жазылган маалыматта.

Милиция балдарды көргөн-билгендерди 102, 03746 5 12 00, 0704 92 76 66; 0708 39 01 39 телефон номурларына чалып коюуга чакырат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG