Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:13

Ошто бир класста 70-80 бала окуп жаткан мектептер бар экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто мектеп көйгөйү курч болуп жатканын бүгүн 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди. Ал буга чейин парламенттик комитет жана фракция мүчөлөрү Ош шаарына барып, абалды жеринен көрүп келгенин, алардын чечимдери аткарылбай жатканын өкмөт өкүлдөрүнө айтты:

«Башталган мектептер көпчүлүгү бүтпөй турат бүгүнкү күнгө чейин. Ички миграция, тегерегиндеги райондордон бүт Ошко алып келип, бир класстын ичинде 70-80 бала, 60 бала окуп жаткан жерлер бар. Бардыгын Ош шаарынын бюджетинин өзүнө таштап койдуңар, бир жагын тартса экинчи жагына жетпей жатат».

Бул маселени депутат Дүйнөлүк банктын акчасына Кыргызстанга мектеп куруу тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда көтөрдү. Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы“Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору боюнча макулдашууга быйыл августта кол коюлган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, бул долбоордун экинчи компоненти алкагында 40 мектеп оңдолуп, курулат, куруу иштеринин 1 чарчы метри 900 доллар деп эсептелди.

Санитардык нормаларга ылайык, бир класста окуучунун саны 30-35тен ашпоосу зарыл деген маалымат бар.

Кыргызстанда 246 мектеп авариялык абалда турганын быйыл 26-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып, өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирген.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG