Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Сокулукта таза суу талап кылган акцияда кармалгандарга өкүм чыкты


Блогер Эртай Искаков (ортодо) жана Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев, Бактыбек Бекболотов.
Блогер Эртай Искаков (ортодо) жана Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев, Бактыбек Бекболотов.

Бүгүн 20-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча өкүмүн чыгарды.

Блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынды, ал эми ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.

Үчөө тең Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча акталышты, ал эми "Жолдорду мыйзамсыз тосуу" беренеси боюнча айыптуу деп табылышты.

Адвокаттар бул чечимге каршы экенин айтып, Чүй облустук сотуна кайрыларын билдиришти.

Буга чейинки сот отурумунда айыптоочу тарап Искаковду беш жылга, Балбаев менен Бекболотовду төрт жылга эркинен ажыратууну сураган.

Быйыл июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Нааразылык акциясына катышкан бир нече кишини милиция 15-июлда суракка чакырган.
Алардын арасынан митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган. Үчөөнө тең "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон. 20-сентябрда алар сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Кармалгандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпка макул болгон эмес.(MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG