Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

АКШнын мурдагы биринчи айымы Розалин Картер дүйнөдөн кайтты


Розалин Картер
Розалин Картер

АКШнын мурдагы президенти Жимми Картердин жубайы, мурдагы биринчи айым Розалин Картер 96 жаш курагында, өзү жашаган Жоржия штатында көз жумду. Бул маалыматты Картердин борбору деп аталган уюм таратты.

Элеонора Розалин Смит күйөөсү Жимми Картер менен 77 жыл чогуу жашады.

Ал күйөөсүнүн жакын кеңешчиси деп эсептелип келген. Өзүнө чейинки биринчи айымдардан айырмаланып, Розалин өкмөттүк жыйындарга катышып жүргөнүн Associated Press белгиледи. Жимми Картердин президенттик бийлиги аяктаган соң, жубайлар гуманитардык тармакта иштешкен.

99 жаштагы Жимми Картер АКШ президенттеринин ичинен эң узак жашаган лидер. Быйыл февралдан тарта ал калган өмүрүн үй-бүлөсү менен өткөрүү үчүн бейтапканадан баш тартып, паллиативдик хоспистик жардам гана алып турганы кабарланган. Экс-президентке акыркы жылдары бир катар оорулардын, анын ичинде меланома диагнозу коюлган.

Американын 39-президенти өзүнүн жардамчыларына: "Розалин - менин эң жакшы досум, мени улантуучу идеалдуу, жашоомдогу эң таасирдүү адамым", - деп айткан. Ал Кошмо Штаттарды 1977-1981-жылдары башкарып турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG