Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Финляндия Орусия менен чек арадагы бекеттерин жаап, мигранттар ара жолдо калды


Фин-орус чек арасындагы өткөрмө бекет.
Фин-орус чек арасындагы өткөрмө бекет.

Орусиядан Финляндияга өтүүгө аракеттенген үчүнчү өлкөлөрдүн 30дай жараны Орусиянын чек ара аймагында ара жолдо калды. Бул тууралуу орус медиа каражаттары кабарлады. Финляндия ишембиге караган түнү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы төрт өткөрмө бекетти жаап салган. Фин бийлиги муну Батыштан башпаанек издеген Сирия, Ирак, Пакистан, Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарынын агымы көбөйгөнү менен түшүндүргөн. Хельсинки мигранттардын мындай агымына Орусия көмөктөшүп жатат деп айыптаса, Москва аны четке кагат.

Соңку суткаларда чек ара бекеттери жабылардын алдында Евробиримдиктен башпаанек издегендердин саны рекорддук чекке - 220га жеткен.

Маалыматка караганда, 30 кишини фин чек арачылары артка Орусиянын аймагына кайтарган. Ишембинин кечинде Ниирала өткөрмө бекетинде (Орусияда Вяртсиля) фин чек арачылары менен мигранттар кагылышканы маалым болду. Финдер мигранттарга көздөн жаш агызуучу газ чачкан. Мигранттардын ичинен эки киши финдердин аймагына киргенге үлгүрсө, калганы артка кайтарылган.

Финляндиянын бийлиги Орусиядан автомашина менен кирген сегиз өткөрмө бекеттин төртөөнү жапты. 18-февралга чейин Ваалимаа (Орусияда Торфяновка), Нуйямаа (Брусничное), Иматра (Светогорск) жана Ниирала (Вяртсиля) бекеттери киши да, машине да өткөрбөйт.

Ал эми Мурманск облусу менен чектешкен Салла (Орусияда Келлоселькя) жана Карелия менен чектеш Вартиус (Люття) бекеттери башпаанек сурагандар үчүн ачык. Андан тышкары Райя-Йоосеппи (Орусияда Лотта) жана Куусамо (Суоперя) кадимки режимде иштеп турат.

Чек арадагы өткөрмө бекеттер жабылгандыктан, Хельсинки менен Санкт-Петербургдун ортосунда каттаган автобус токтоду. Ишембиде Хельсинкиде митинг өтүп, ага катышкандар фин бийлигин жогорудагы чечимин кайра карап чыгууга үндөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG