Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:09

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-21-ноябрь күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү мүмкүн, жолдорго муз тоңот.

20-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градус суук болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 13…15° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG