Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Кыргыз киносуна быйыл 348,8 млн сом бөлүнгөн  


“Айтматов жана кино” эл аралык фильм фестивалынын ачылышы. 2023-жылдын 17-ноябры.
“Айтматов жана кино” эл аралык фильм фестивалынын ачылышы. 2023-жылдын 17-ноябры.

Быйыл мамлекеттик казынадан маданият, спорт, жаштар саясаты жана туризм тармагына 7 млрд сом каралган. Анын ичинен 4 млрд сом маданият тармагына, 348,8 млн сом киного берилген. Президенттин резервдик фондунан маданиятка 670 млн сом ажыратылган.

2022-жылы бул жаатка бөлүнгөн акчанын суммасы 5,1 млрд сомду түзгөн.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан кинофестивалдын ачылышында билдирди.

Ал ачылыш аземде сүйлөп жатып алдыдагы беш-алты жылда кыргыз маданиятында "экинчи ренессанс" болот деген үмүт бардыгын, ага мамлекет тарабынан бардык тийиштүү шарттар түзүлө баштаганын айтты.

“Беш-алты жыл ичинде, кыргыз киносунун жана көркөм сүрөт искусствосунун шедеврлерин жараткан 1960-70-жылдардагы доор кайталанып, кыргыз маданиятынын экинчи ренессансы болот деп үмүттөнөбүз. Бүгүнкү күндө кыргыз киносу жаңылануу мезгилин башынан өткөрүүдө”, - деди Жапаров.

17-ноябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык кинофестиваль башталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун маалыматында, иш-чарага бир катар мамлекеттер катышууда. Алардын катарында Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия, Канада, Италия, Франция, Сербия, Индия, Орусия (Тоолуу Алтай), Түштүк Корея, Жапония, Германия, Тунис, Эстония, Грузия, Америка Кошмо Штаттары, Венгрия, Кытай, Вьетнам, Швейцария сыяктуу өлкөлөр бар.

Сынактын калыстар тобуна дүйнөнүн кино өндүрүшүндөгү Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён жана Гүлсара Ажыбекова сыяктуу көрүнүктүү өкүлдөрү кирди. Фестивалга Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы ролду аткарган актриса Түркан Шорай (Түркия) сыйлуу конок катары катышууда.

Бүгүн фестивалдын алкагында “Айтматов жана кино” эл аралык форуму Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китеканасында өтүүдө. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинолордун бет ачары болот. Фестивалдын өзү 23-ноябрга чейин уланат.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Ал 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Анын "Жамийла", "Кылым карытар бир күн", "Гүлсарат", "Биринчи мугалим", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт", "Кыямат" баштаган бир катар чыгармалары дүйнө коомчулугу тарабынан жогору бааланган. Жазуучунун чыгармаларынын негизинде дүйнө, анын ичинде, Кыргызстанда бир катар кино фильмдер тартылып, театрларда спектаклдер коюлган. Айтматов СССРдин жана Кыргызстандын бир катар мамлекеттик сыйлыктарынан тышкары дүйнөлүк маанидеги бир катар сыйлыктарга да татыган.

Ал 2008-жылы 10-июнда Германиянын Нюрнберг шаарында ооруканада каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG