Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

Рамзан Кадыровдун уулу бир жарым айда тогуз медал менен сыйланды


Адам Кадыров
Адам Кадыров

Орусияга караштуу Чеченстан жумуриятынын лидери Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу «Орусиянын эмгек кайратманы” жана “Орусиядагы атайын кызмат университетинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн” медалдары менен сыйланды. Ушуну менен соңку бир жарым айда Адам Кадыров тогуз сыйлыкка "татыды".

Эки медал тең Гудерместеги «Орусиядагы атайын кызмат университетинин» аймагындагы салтанаттуу аземде тапшырылды. Бул “окуу жайда” Украинага каршы согушка аттанган ыктыярчылар даярдыктан өтүшөт. Кадыров бул университетке кандай салым кошкону белгисиз.

Адам Кадыров Куранды өрттөө кинеси менен камалган Никита Журавелди камеранын алдында сабагандан кийин медал-ордендер менен сыйлана баштады.

Орусияда коомдун бир бөлүгү Кадыровду жоопкерчиликке тартууга чакырган, бирок полиция Адамдын жашы жете электигин белгилеп, иш козгоодон баш тарткан.

Соңку бир жарым ай ичинде Адам Кадыров "Чеченстандын баатыры" деген наам алды. Андан көп өтпөй Татарстанда ага "Дуслык" ордени ыйгарылган. Карачай-Черкес аймагында дагы ага жогорку даражадагы орден берилген.

5-ноябрда 15 жаштагы Кадыров республиканын жетекчисинин коопсуздугун камсыздоо кызматына бөлүм башчы болуп дайындалган. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов Телеграм каналына жазды.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров уулунун жоругун жактап, Куранды өрттөгөнү үчүн Журавел "катаал жазасын алышы керектигин" айткан. Ал ошондой эле уулу Журавелди сабап жатканы тартылган тасманы жарыялаган.

Чеченстанда сот Никита Журавелдин камактагы мөөнөтүн 2024-жылдын 20-апрелине чейин узартты. Сот жараянында айыпталуучунун бетинде ур-токмоктун издери калганын көрүүгө болот эле.

«Мемориал» укук коргоо борбору 19 жаштагы Никита Журавелди "саясий туткун" деп тааныды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG