Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Футбол: Кыргызстан Малайзиянын курамасына утулду


Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы. 16-ноябрь, 2023-жыл.
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы. 16-ноябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия курама командасы менен беттешип, 3:4 эсебинде утулду. Оюн Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы “Букит Жалил” стадионунда болду.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азия континентинен сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама команда 9 тайпага бөлүнүп ойнойт. Оюндардын жыйынтыгында тайпада биринчи жана экинчи орунда ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан 21-ноябрда Омандын курама командасы менен тайпадагы экинчи беттешин өткөрөт. Оюн Бишкекте болот. (BTo/GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG