Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Зироатхан Мирзиёева Газада ок атууну токтотууга чакырды


Зироат Мирзиеева
Зироат Мирзиеева

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхан Мирзиёева Палестинага тилектештик билдирген саммитке катышты. Жыйын Стамбулда Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдогандын жетектөөсүндө өткөнүн Өзбекстандын мамлекеттик кабар агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Мирзиеева "эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусуна жана кысымына карабай, трагедия жана кыйроолордун масштабы кеңейүүдө, апааттын аягы көрүнбөйт", - деп айтты.

Өзбек биринчи айымы Ташкенттин позициясын билдирди жана тараптарды согуштук аракеттерди дароо токтотууга, гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүүгө, жаңжалды «эки элге эки мамлекет» деген принциптин негизинде дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Кабар агенттиги Мирзиёева "өзбек эли палестин эли менен тилектеш" деп айтканын жазды.

Саммитке Малайзиянын канышасы Тунку Азиза, Катардын шейхинин энеси Моза бинт Насер аль-Миснед, Ливандын премьер-министринин жубайы Мэй Микати, Пакистан өкмөт башчысынын жубайы Садия Рахматулла жана башкалар катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG