Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Ошто "Коён" деген каймана аттуу Майрамбек Низамов кайра кармалды


Ошто Коён деген каймана аты бар Майрамбек Низамов кайра кармалды. Ош милициясы тараткан сүрөт.
Ошто Коён деген каймана аты бар Майрамбек Низамов кайра кармалды. Ош милициясы тараткан сүрөт.

Ош шаарында кылмыш чөйрөсүндө "Коён" деген каймана ат менен таанымал Майрамбек Низамов кайра кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта, Ош шаардык милициясына шаар тургуну арыз жазып, 18-октябрда Майрамбек Низамов анын “Лексус ЕС” автоунаасын 27 миң долларга баалап алып кеткенин, акчаны 31-октябрда берем деп убадасына турбаганын билдирген.

Тергөөдө Майрамбек Низамов машинаны 28-октябрда эле 25 миң долларга сатып жиберип, акчаны иштетип жибергени аныкталган.

Шектүүгө каршы Ош шаарынын Кара-Суу районунун тургуну да арыз жазган. Ал эки автоунаасын Майрамбек Низамов жана дагы бир адам октябрь айында 45 миң долларга баалап алганын, акча бергенге чейин деп 60 “iPhone 14” жана “iPhone 15” телефондорун таштап кеткенин билдирген. Шектүүлөр акчаны убагында кайтарып бербей машинанын ээси бир телефондун кутусун ачкан. Кутунун ичинде кебезге оролгон үч болт болгон.

Ош милициясы тараткан сүрөт.
Ош милициясы тараткан сүрөт.

Бул кылмыш ишине шектүү катары Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну да кармалган. Мындай жасалма телефондор дагы кайсы аймактарга таратылганы боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.

Майрамбек Низамовго Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылды. Ал 2015-жылдан бери төрт жолу соттолгон. 2023-жылы эле башка кылмыштарга шектүү катары бир нече ирет кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыккан. Акыркы жолу июль айында Ош шаарында бассейндердин биринде эс алып жүргөн 22 жаштагы жигитке бычак сайып жиберип, кармалган. Майрамбек Низамов менен жабырлануучу жарашып алгандыктан Ош шаардык соту аны ушул жылдын 29-августунда бошоткон.

Быйыл 13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен сабап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши жараат алаган.

Майрамбек Низамов ошол арматура менен сабалган жигит экени белгилүү болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG