Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

Баткенде кыргыз-өзбек айыл чарба жарманкеси өттү


Баткендеги эл аралык айыл чарба жарманкесине келген ишкер. 15-ноябрь, 2023-жыл
Баткендеги эл аралык айыл чарба жарманкесине келген ишкер. 15-ноябрь, 2023-жыл

15-ноябрда Баткен шаарында өткөн эл аралык айыл чарба жарманкеси Түштүк Кореянын КOPIA эл аралык уюмунун колдоосу менен уюштурулду.

Жарманкеге Баткен облусунун жетекчилери жана Өзбекстандын Риштан, Сох райондорунун, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана дыйкандар, ишкерлер катышты.

Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чара эки өлкөнүн президенттери кол койгон жол картасынын негизинде достукту, соода-экономикалык карым-катнашты чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы маселелер чечилип жатканын быйыл 13-октябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине келип, кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолукканда айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын кыргыз президенти Садыр Жапаров Мирзиёев быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткенде билдирген. Ал бул күндү тарыхыйдеп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын жарыялаган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG