Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

Херсондо орус артиллериясынын аткылоосунан бир киши мүрт кетти


Херсондо өрттөнгөн машина. 13-ноябрь 2023-жыл
Херсондо өрттөнгөн машина. 13-ноябрь 2023-жыл

13-ноябрда Орусиянын аскерлери Херсон шаарынын жака белин артиллериядан аткылаганда бир дүрмөт карапайым тургундун машинасана тийди. 64 жаштагы айдоочу ошол жерде жан бергенин, эки жүргүнчү, анын ичинде эки айлык ымыркай жарадар болгонун Украинанын улуттук полициясы билдирди.

Херсон облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Александр Прокудиндин айткандарына караганда, алар дарыгерлерге көрүнүп келатканда аткылоо башталган. Дүрмөт тийген унаа өрттөнүп кетти. Полиция баланын энеси оор абалда экенин маалымдады.

Алдынкы күнү Херсондун Днепр районуна урулган соккудан 64 жаштагы жергиликтүү жашоочу набыт болгон. Аялы башынан жана бутунан жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Далилдерге карабай, Орусия Украинанын жайкын тургундарына, шаар-кыштактарга сокку урганын танып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG