Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:47

Пакистан оогандык мигранттар үчүн дагы үч чек ара пунктун ачты


Пакистан-Ооганстан ортосундагы Торхам чек ара өткөөлү. 12-ноябрь 2023-жыл
Пакистан-Ооганстан ортосундагы Торхам чек ара өткөөлү. 12-ноябрь 2023-жыл

Исламабад оогандык мигранттардын мекенине кайтуусун жеңилдетүү максатында кошумча үч чек ара пунктун ачты. Пакистандын маалымат каражаттары 13-ноябрда билдиргендей, өткөөлдөр Балучистан, Брабчех жана Нурбах деген жерлерде иштей баштады.

Исламабад өкмөтү өткөн айда 1-ноябрга чейин мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш деп эскерткенден кийин 300 миңден ашуун оогандык полициядан жана депортациядан чочулап мекенине кайтты. Маалыматтарга караганда, Пакистанда 1,7 миллион оогандык жаран тиешелүү уруксат кагаздары жок жүрөт. Алардын көбү 2021-жылы “Талибан” бийликти басып алганда качкандар.

Мигранттар Ооганстанга дагы үч чек ара пунктунан өтүп келген.

Буга чейин Пакистандын полициясы оогандыктарды кармап, мекенине күчкө салып кайтарып жатканы кабарланган.

Аларга күч колдонуу жана куугунтуктоо БУУнун, эл аралык укук коргоочу уюмдардын катуу сынына кабылды.

Исламабад депортация өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында жүргөнүн билдирген. Соңку кезде көбөйгөн кол салуулар үчүн Пакистан бийлиги Ооганстанды байырлаган согушкерлерди айыптоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG