Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

ДССУ: Газадагы эң ири оорукана менен байланыш үзүлдү


Газадагы Ал-Шифа ооруканасы.
Газадагы Ал-Шифа ооруканасы.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Газадагы эң ири Ал-Шифа ооруканасындагы көздөй кишилери менен байланыш үзүлгөнүн билдирди. Уюмдун 12-ноябрдагы билдирүүсүндө, Газадагы бул оорукана соңку 48 сааттын ичинде бир нече жолу чабуулга туш болгону, андан бир нече адам өлүп, дагы бир канчасы жаракат алганы айтылган.

"Акыркы кабарларга ылайык, оорукананы танктар курчап турат. Кызматкерлер таза суу жок экенин, ооруканадагы реанимация бөлүмдөрү, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана инкубаторлор күйүүчү майдын жоктугунан өчүп калуу тобокелчилигине туш болгонун билдиришти. Бул бейтаптардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туудурат", - деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ооруканадагы реанимацияда жаткан бейтаптардын, анын ичинде ымыркайлардын, медициналык кызматкерлердин жана убактылуу баш калкалаган качкындардын абалына тынчсыздануусун билдирип, ок атууну токтотууга чакырды.

Ал-Шифа Газа тилкесиндеги эң ири оорукана. Жекшемби күнү бул оорукананын жанында Израилдин жөө аскерлери ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террорчул уюм деп атаган) радикал тобу менен кармашып жатканы белгилүү болгон. Мындан улам миңдеген бейтаптар, качкындар жана дарыгерлер баш калкалаган бул ооруканада электр жарыгы өчүп калганы кабарланган.

Reuters агенттиги ооруканада эки ымыркай чарчап калганын, дагы ондогон ымыркайлардын өмүрү коркунучта турганын палестин жетекчилерине шилтеме кылып жазган. Буга чейин Израилдин армиясы ымыркайларды коопсуз жайга көчүрүүгө убара берген.

Израилдин президенти Ицхак Герцог оорукананын жер төлөсүндө ХАМАС тобунун жоочулары болушу мүмкүндүгүн билдирип, Ал-Шифада электр жарыгы өчкөнү тууралуу маалыматтарды четке какты.

Газада согуш башталганына алтынчы аптага аяк басты. ХАМАС радикал тобунун жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кетишкен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG