Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Лавров Орусияны Борбор Азиядан сүрүп чыгаруу аракети жүрүп жатканын айтты


Орус президенти Владимир Путиндин Борбор Азия лидерлери менен жолугушуусу, 2022-жылдын октябрь айы.
Орус президенти Владимир Путиндин Борбор Азия лидерлери менен жолугушуусу, 2022-жылдын октябрь айы.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдик Орусияны Борбор Азиядан түртүп чыгарууга аракет кылып жатканын, Москва эч жакка кетпей турганын айтты. Анын мындай комментарийин орусиялык журналист Павел Зарубин Телеграммдагы каналына жарыялады.

"Евробиримдик бизди болушунча токтотуп туруу, Борбор Азиядан жана Кавказ аймагынан түртүп чыгаруу ниетин жашырбайт. Андай болбойт. Биз бул жерде тарыхтан бери келатабыз. Биз жок болуп кетпейбиз. Биздин өнөктөштөр муну жакшы билишет",- деди Орусиянын башкы дипломаты.

Сергей Лавров бул сөзүн Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Казакстандагы соңку билдирүүсүнө жооп катары айтты.

Макрон 1-ноябрда Астанада казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, казак бийлигинин кайсы бир өлкөгө көз каранды болбоо аракетин кубаттай турганын айткан. Ал Казакстанга түрдүү факторлордон улам басым көрсөтүлүп жатканын да белгилеген.

"Кайсы держава болбосун, анын вассалы болуудан баш тарткан жана ар кыл өлкөлөр менен тең салмактуу мамиле түзүүнү көздөгөн сиздин өлкөнүн жолу - ушундай стратегия Францияга жакын", - деп билдирген Макрон.

Француз президенти Казакстандагы сапарынан кийин Өзбекстанга барып, президент Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG