Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Екатеринбургда 27 жаштагы кыргыз жараны каза болду


Жүк-200. Иллюстрациялык сүрөт.
Жүк-200. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Свердлов облустук Тергөө комитети 3-ноябрга караган түнү Екатеринбург шаарында каза болгон кыргыз жаранынын өлүмү боюнча ишти тергеп жатат. Бул тууралуу бүгүн 12-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын бул шаардагы Башкы консулдугу маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, анын сөөгү 7-ноябрда Кыргызстанга жеткирилген.

Орусиялык басылмалар 27 жаштагы кыргыз жараны, кан көп кетип каза болгон Алтынбек Камбаровдун өлүмү боюнча эки башка маалымат жазып жатышат. Айрым күбөлөрдүн айтымында, ал кызуу болгондуктан жолго чуркап чыгып, ылдамдыкта кетип бараткан кичи автобусту токтотууга аракет кылганда дөңгөлөк астында калган. Ал эми башка күбөлөр ал спирт ичимдигин ичпеген адам болгонун, кимдир бирөөлөр аны бычактап, ошолордон качып баратканда жол кырсыгына кабылганын жазышты.

Былтыр бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген, алардын 200дөн көбү Орусияда каза болгондор.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны азыркы тапта чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG