Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Кыргызстанда калктын 75% сейсмологиялык кооптуу аймактарда жашайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын калкынын 75 пайызы сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарда жашашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 10-ноябрда жарыяланган “Кыргызстандын айлана-чөйрөсү” деген кезектеги баяндамасында айтылды.

Баяндамада белгиленгендей, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сейсмологиялык жактан кооптуу деген 80ден ашуун ири калктуу пункт жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан.

Жакында Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов “Азаттыкка” маек куруп, Ооганстанда ири кыйроолорго алып келген зилзаланын эпкини Кыргызстанга тийиши мүмкүнбү, жер титирөөлөрдү кантип алдын алуу жана сактануу керек деген суроолорго жооп берген. Адистин айтымында, Кыргызстанда катуу жер титирейт деген божомол жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG