Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Таштандыдан табылган ымыркайдын абалы туруктуу экени кабарланды


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын абалы туруктуу экенин Бишкек мэриясынан кабарлашты. Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков №1 төрөт үйүндөгү ымыркайдан кабар алып, ага керектүү буюмдарды тапшырды.

Бишкек мэриясы баланы жаңы төрөп, ар кандай турмуштук кырдаалга кабылган аялдарды атайын уюштурулган жайларга кайрылууга чакырды.

“Жаңы төрөлгөн баланын энеси турмуштук оор кырдаалга кабылып, ымыркайдан баш тартууга ниеттенген учурда төрөт үйүндө атайын кагазга кол коюп же каалаган убакта Бишкек шаарынын Белорусская көчөсүндөгү №121 дарегинде жайгашкан балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна тапшырса болорун эскертет”, - деп айтылат кайрылууда.

11-ноябрда Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын 21 жаштагы энеси кармалып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренесине (“Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү”) шек саналып жатат.

8-ноябрда 23:30 чамасында Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкта салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Милиция факт боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG