Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Киевге ракеталык чабуул жасоо аракети болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Киев шаарында 11-ноябрь эртең менен аба коркунучу тууралуу эскертүү жаңырып, бир нече катуу жарылуу болду. Шаар мэри Виталий Кличко жарылууну Киевге жакын жердеги абадан коргонуу күчтөрүнүн иштегенине байланыштырды.

Ага чейин Би-Би-Синин орус кызматы украин армиясынын өкүлү Юрий Игнат "алдын ала маалымат боюнча орус куралдуу күчтөрү Киевге баллистикалык ракета менен сокку урууга аракет кылганын билдирди" деп жазган.

10-ноябрдын кечинде орус күчтөрү учкучсуз учактарын кое берип, аба коркунучу тууралуу эскертүү жаңырганын кабарланган. Украин армиясы беш учкучсуз учак жол кылынганын билдирди.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматында, өлкө аймагы бир сутка ичинде орусиялык армияны бир ракеталык, 46 жолу аба, 30дан ашык жапырт аткылоо системасынын соккусуна кабылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү эки украиналык учкучсуз аппарат Смоленск, Москва облустарынын аймагында жок кылынганын билдирди. Киев бул боюнча комментарий берген жок.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери кармаш уланууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG