Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Астана Газа тилкесиндеги казакстандыктарды чыгарып кетүү үчүн Израилден жардам сурады


Газа тилкесиндеги аба соккулардын кесепети. 10-ноябрь, 2023-жыл.
Газа тилкесиндеги аба соккулардын кесепети. 10-ноябрь, 2023-жыл.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 10-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, Астана Израилден Газа тилкесиндеги казакстандыктарды эвакуациялоо ишинде жардамдашууну суранды. Мындай өтүнүч менен Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу израилдик кызматташы Эли Коэнге телефондон сүйлөшкөндө кайрылган.

Мекеме тараткан билдирүүдө Казакстан Жакынкы Чыгыштагы жаңжал тынчтык сүйлөшүүлөрү жана дипломатиялык диалог менен чечилишин көздөөрү белгиленген.

Маалыматка ылайык, Израилдин тышкы иштер министри Казакстандын жарандарын чыгарып кетүү маселесин өз көзөмөлүнө алып, колунан келген аракетти көрөрүн билдирген.

Буга чейин расмий Астана маалымдагандай, Газа тилкесинде Казакстандын 76 жараны бар, үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо жалпы 161 кишини түзөт.

23-октябрда казак Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесиндеги атышуулардан бир казакстандык жаран мүрт кеткени кабарлаган. Аны менен 23 жаштагы кызынын да өмүрү кыйылганы маалым болгон.

11-октябрда Тель-Авивден Алматыга атайын каттам менен 166 адам, анын ичинде Казакстандын 124 жараны алып келинген.

АКШ менен Евробиримдик террордук уюм катары тааныган ХАМАС уюму менен Израилдин ортосундагы согуш тутанганына бир айдан ашты. Алгач 7-октябрда аталган экстремисттик топ Израилге кол салып 1400дөй адамдын өмүрүн кыйып, 240тан көп кишини барымтага алган.

Ошондон бери Израил армиясы согушкерлерди жок кылуу максатында Газа тилкесин курчоого алып, абадан тынымсыз сокку уруп жатат. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 10 миңден көп киши набыт болду.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG