Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Латвияда мурдагы министр Орусиянын пайдасына тыңчылык кылганы үчүн 8,5 жылга кесилди


Латвиянын мурдагы ички иштер министри Янис Адамсонс.
Латвиянын мурдагы ички иштер министри Янис Адамсонс.

Латвиянын баш калаасы Рига шаардык соту мурдагы ички иштер министри жана Сеймдин экс-депутаты Янис Адамсонсту Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген кине менен 8,5 жылга эркинен ажыратты. Ушул эле иш боюнча айыпталган Орусиянын коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Геннадий Силонов 7,5 жылга кесилди.

"Янис Адамсонс мыйзамсыз түрдө, атайылап Орусиянын жараны жана орус коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Геннадий Силонов аркылуу жашыруун маалыматтарды чет элдик уюмга, тактап айтканда Орусиянын Федералдык кызматына тынымсыз берип турган”,- деди сот Эрленс Эрнстсонс.

Эки айыпталуучу тең аларга тагылган дооматтарды четке кагып, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдиришти.

67 жаштагы Адамсонс Киевде билим алып, 1979-жылга чейин Ыраакы Чыгышта ар кандай аскердик кызматтарды ээлеген. 1991-жылы Латвияга көчүп кеткен. Парламентке шайлангыча Мамлекеттик чек ара кызматынын командачысы, ички иштер министри болуп эмгектенген.

2021-жылы Латвия парламенти прокуратурага Адамсонсту камоого жана анын үйүндө, иш кеңсесинде тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген. Анда саясатчы Орусияга армиянын бюджети, сатып алуулары жана чыгыш чек арадагы кырдаал тууралуу маалыматты төрт жылдан бери берип келатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG