Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Аннексияланган Крымда орусиялык эки десанттык катерге сокку урулду


Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын кызматынын эн белгиси.
Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын кызматынын эн белгиси.

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын кызматы билдиргендей, 10-ноябрга караган түнү аннексияланган Крымда Орусияга караштуу эки катуу ылдамдыкта жүргөн десанттык катер жок кылынды. Мекеме жарыялаган видеодон, дрондор менен катерлерге сокку урулуп жатканын көрүүгө болот.

Бир катар украин маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазгандай, катерлердин бортторунда брондолгон техника жана экипаж мүчөлөрү болгон. Аннексияланган Крымдын батышындагы Черноморск айылына жакын жерде болгон окуя тууралуу орусиялык “Рыбарь” Телеграм-каналы да жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги катерлер тууралуу маалымат берген жок, болгону Крымдын үстүнөн эки дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. “База” Телеграм-каналы тараткан маалыматта, дрондор менен Феодосиядагы мунай базасына чабуул коюу аракети көрүлдү.

Украинанын армиясы тараткан маалыматка ылайык, орус күчтөрү 10-ноябрга караган түнү Украинанын аймагын алты дрон-жанкечти жана эки ракета менен чабуул койду. Беш дрон жана бир ракета абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду. Черкасск облусунда бир катар турак жайлар жабыркаганы, карапайым тургундар арасында жоготуулар азырынча болбогону кабарланды.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG