Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Президент Жапаров өлкөдөгү жаштардын көйгөйлөрүн санады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров жаштардын негизги көйгөйлөрү катары билим алууну, эне тилди билүүнү, жумуш орундарын түзүүнү, арзан турак жай менен камсыздоону, миграция агымын азайтууну жана салттуу эмес диний агымдардын таасиринен сактоону атады.

Мамлекет башчы 10-ноябрда жаштардын күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда бул бул көйгөйлөр мамлекеттин көңүл борборунда экенин айтты.

Ал бардык тармактарда жаштар өлкөнүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланып жатканын белгиледи. Мамлекет жаштарга көңүл буруп келе жатканын, жакында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жаштар катышкан “Кыялымдагы Кыргызстан” форуму өтө турганын маалымдады.

Ал коомдо жаштарга терс таасир эте турган көрүнүштөр да бар экенин айтты.

“Мындай кырдаалда өсүп келаткан муундарды, балдарыбызды ар кандай деструктивдүү күчтөрдүн жана агымдардын терс таасиринен коргоо ар бирибиз үчүн эң орчундуу милдет бойдон калууда. Биз жаштарыбызды ата-бабалардын наркын сактоо, эли-жерин сүйүү жана мамлекеттүүлүк идеяларын туу тутуу деми менен тарбиялоо, улан-кыздардын таланты менен жөндөмүн ача билүү боюнча баштаган масштабдуу иштерди улантабыз”, - деди Жапаров.

Жаштар күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөрүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кыргызстандын "Жаштар жөнүндө" мыйзамына ылайык, 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагылар жаштар деп эсептелет. Алардын саны дээрлик 2,5 миллион, бул көрсөткүч жалпы калктын 35% түзөт.

Жаштары эң көп шаарлар - Бишкек жана Ош, ал эми Чүй жана Баткен облустарында эң аз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG