Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Спорттук иш-чара учурунда оор жараат алган чек арачы каза болду


Баткен районунун чек ара отрядынын келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери 8-ноябрь күнү атайын спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө оор жараат алып каза болду. УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, 27 жаштагы прапорщик коопсуздук эрежесин бузган. Мекеме маркум кандай эрежелерди бузганы тууралуу маалыматты тактаган жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аскер кызматкери баш мээсинен оор жараат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай көз жумган.

Чек ара кызматы соттук-медициналык экспертиза дайындалып, факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилгенин кабарлады. Окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишкен.

Чек арачылардын кызмат учурда жараат алган же кырсыкка кабылган учурлар буга чейин дагы катталган. Быйыл февраль айында Чек ара кызматынын аскери белгисиз жардыргыч заттын жарылуусунан улам жаракат алган.

21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алганын Чек ара кызматы кабарлаган. Октон жаракат алган жоокер ооруканада эсине келбей каза болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG