Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Казакстанда жүздөгөн мигранттар мекенине кайта албай жатат


Казакстандын Сарыагаш районунда соттун чечимин күтүп жаткан мигранттар.
Казакстандын Сарыагаш районунда соттун чечимин күтүп жаткан мигранттар.

Казакстанда эмгектенген жүздөгөн тажикстандык жана өзбекстандык мигранттар соттун чечимин күтүп, мекенине кайта албай жатышат. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Алардын бардыгы акча табуу үчүн келип, убагында каттоодон өтүшкөн эмес. Үйлөрүнө кайтарда чек арачылар мигранттардын паспортторун тартып алып, ишин сотко өткөрүп жиберишкен.

Ал эми сот документтерди карап, чечим чыгарууга үлгүрбөй жатат.

Өзбекстанга жакын жайгашкан Сарыагаш районундагы “Жибек жолу” чек ара бекетинде он күндөн бери жүздөгөн мигрант топтолуп турат. Алардын айтымында, көбү мурда Орусияда иштечү, Украинада согуш башталганы акча табуу үчүн Казакстанга барышкан.

Өзбекстандын жараны Жасур Шарипов өткөн жылы да Казакстанда мыйзамсыз иштеп, чыгып баратканда айып пул төлөгөн. Быйыл ал коңшу өлкөгө Кыргызстан аркылуу кирген. Эми апасы ооруп, үйүнө шашылыш кайтууга туура келгенде чыга албай калганын айтат:

"Келгениме бир ай боло элек. Каттоого турууга үлгүргөн эмесмин. Жумуштан суранып, үйгө жөнөгөм. Үч күндөн бери соттун чечими чыкпай жатат. 3-ноябрда апам каза болду. Аны менен коштошууга да жетишпедим. Эгер айып пул чегеришсе, төлөйт элем. Депортацияга да макулмун. Болгону чечим чыгарышсынчы".

Сарыагаш районундагы Административдик мыйзам бузуулар боюнча атайын соттун төрагасы Берик Каипов "Азаттыкка" билдиргендей, октябрдан бери күнүнө 200-300 иш түшүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, 2008-2013-жылдары аталган сотто жылына 10-13 миңдей мигранттын иши каралчу. Кийин бул сан кескин азайган. Быйыл Украинадагы согушка байланыштуу Казакстанга барып эмгектенген борбор азиялык мигранттардын саны өсүп, жыл башынан бери сегиз миңден көп иш каралды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG