Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Өзбек чек арачылары кармап кеткен өспүрүм Кыргызстанга кайтарылды


Араван
Араван

Ошто өзбек чек арачылары кармап кеткен өспүрүм кайтарылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, 3-ноябрда Араван райондук ички иштер бөлүмүнө 9 жашар баланын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларынын өспүрүмдү Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткени аныкталган. Маалыматта чек арачылар Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында жашаган баланы чек арага жакындап калганда кармаганы айтылат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, 4-ноябрда өспүрүмдү кайтарып беришкен. Ал туугандарына тапшырылды.

Кыргызстандын жараны кошуна мамлекеттин чек арасынан өтүп кеткени үчүн кармалган учурлар буга чейин да катталган. Быйыл май айында Ала-Букада жайып жүргөн койлору менен кошо Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык жаран үйүнө кайтарылган. Ал малы Өзбекстан тарапка өтүп кеткенде аларды кайтарып келүү үчүн чек араны бузууга мажбур болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан. Ал бул күндү тарыхый деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген. (DSh/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG