Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

АКШ: Демократтар Украина эске алынбай, Израилге жардам берүү каралган долбоорду четке какты


Капитолий имараты.
Капитолий имараты.

Шейшембиде АКШда Сенаттагы демократтар Украинанын кызыкчылыктары эске алынбай, Израилге гана аскерий жардам берүү каралган мыйзам долбооруна вето койгонун "Америка добушу" билдирди. Мунун алдында президент Жо Байден долбоорго вето коё турганын айткан.

30-октябрда Өкүлдөр палатасындагы республикачылар Израилге 14,3 млрд доллар жардам берүүнү, бул үчүн АКШнын салык кызматын каржылоону кыскартууну сунуш кылышкан.

Октябрь айында Байден Конгресстен 106 млрд доллар бөлүүнү сураган. Анын теңинен көбү Украинага, калганы Израил, Тайван жана АКШ менен Мексика чек арасын коргоого жумшалмак.

Шейшембиде демократтар бул демилгенин алкагында Украинага жардам берүүнүн маанисин белгилешти. Республикачыл сенатор Рожер Маршалдын айтымында, жогорку палата Израилге жардамды кечиктирбеши керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG