Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Москвада аялдар күйөөлөрүн согуштан кайтарууну талап кылып акцияга чыкты


Москвада акцияга чыккан аялдар.
Москвада акцияга чыккан аялдар.

Украинадагы согушка тартылгандардын аялдары Москвада алгачкы жолу пикетке чыгышты. Алар бийликтен күйөөлөрүн үйлөрүнө кайтарууну талап кылышты. Бул тууралуу «Важные истории» басылмасы жазды.

Пикет калаанын борборундагы Театральная аянтында өттү. Мобилизацияга тартылгандардын жакындары акция өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган. Бирок Москванын өкмөтү уруксат бербей койгон. Ошондуктан алардын пикети беш мүнөттөн көп созулган жок.

Ошол эле учурда ал жакта Октябрь революциясынын 106 жылдыгына арналган коммунисттердин митинги өтүп жаткан.

“Полиция башкы уюштуруучуну чакырып кетти. Бизге Зюганов (КПРФ партиясынын башчысы) келди. Мавзолейге гүл койгондон кийин ага кайрылуубузду берүүнү макулдаштык” - деди катышуучулардын бири.

Мобилизацияга тартылгандардын аялдары социалдык тармактар аркылуу ар кандай акцияларды өткөрүп, согуштан күйөөлөрүн кайтарууну, алардын шарттарын жакшыртууну талап кылган видеокайрылууларды жасап жүрүшөт.

Октябрь айынын соңунда Вологда аймагында мобилизацияга тартылгандардын жакындары жасаган видео кайрылууда 347-полктун аскерлерин Ивановка айылындагы кармашка даярдыксыз жана тийиштүү курал-жабдыксыз жөнөтүп жибергенин айтышкан.

Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери Орусияда “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун жаран аскер кызматына чакырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG