Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Зеленский абадан коргонуу системасы NASAMSтар менен бекемделгенин билдирди


NASAMS системасы.
NASAMS системасы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский абадан коргонууну Батыш берген NASAMS системалары менен бекемдешкенин билдирди.

“Өнөктөштөрүбүз берген NASAMS кошумча системалары ишке кирди. Кышты утурлай абадан коргонуу системасы өз учурунда бекемделди”,-деп жазды 7-ноябрда Зеленский Телеграмга.

Былтыр Орусиянын армиясы Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнө ракета жана дрондор менен тынымсыз сокку уруп, суукта миллиондогон карапайым адамдар жылуулуксуз жана электр жарыксыз калган.

Өткөн жумада Вашингтон Украинага 425 миллион долларлык жаңы жардам көрсөтөрү күтүлүп жатканы маалым болгон.

АКШ жана Норвегия чогуу иштеп чыккан NASAMS системасы биринчи жолу Украинага былтыр ноябрда жеткирилген. Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин анда NASAMS системалары орус ракеталарын атып түшүрүүдө 100% натыйжа көрсөтө аларын билдирди.

Ал арада Украина Орусия жакын арада баллистикалык ракеталар менен сокку урушу мүмкүн экенин эскертти.

Жакында АКШ Украинага 425 миллион долларлык жаңы жардам көрсөтө турганы маалым болгон. Ага NASAMS, РСЗО HIMARS сыяктуу зениттик-ракеталык комлекстерине караштуу жабдыктар да камтыларын Рейтер агенттиги жазды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG