Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Орусия Европадагы куралдуу күчтөрдү чектеген келишимден чыкты


A T-14 Armata tank
A T-14 Armata tank

Орусиянын Европадагы куралдуу күчтөрдү чектөө келишиминен чыгуу жараяны 7-ноябрга караган түнү аяктады. Москва бул макулдашууну аткарууну 2007-жылы эле токтоткон. Орусиянын Ички иштер министрлиги "ал биз үчүн толугу менен тарыхта калган" деп билдирди.

Мекеме тараткан билдирүүдө азыр курал-жабдыкка көзөмөл орнотуу боюнча “НАТОго мүчө жана ага ыктаган мамлекеттер менен кандайдыр бир келишим түзүү" жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес экени айтылган.

Денонсация тууралуу мыйзам долбоорун Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын кароосуна 10-майда жөнөткөн. Түшүндүрмө катында 90-жылдардын башынан бери келишим “олуттуу аскердик-саясий өзгөрүүлөрдөн, оболу НАТОнун кеңейиши менен абдан эле эскирип, азыркы убакытка дал келбей калганы” белгиленет.

16-майда депуттар президенттин сунушун бир добуштан колдогон. Ал эми 24-майда денонсацияны Федерация Кеңеши жактырган.

Аталган келишимге 1990-жылы Парижде НАТОго мүчө 16 мамлекет жана Варшава келишими уюмуна кирген алты өлкө кол коюшкан. Документ 1999-жылы жаңыланып, бирок аны Москва, Киев, Астана жана Минск гана ратификациялаган. Ага ылайык, келишимге кол койгон мамлекеттер танктардын, брондолгон аскердик машинелердин, артиллериянын, аскердик тик учактардын жана учактардын санын чектеши зарыл.

2007-жылы Путин бул келишимди жана аны менен байланышы бар документтерди НАТО ратификацияламайынча токтото турууну караган буйрукка кол койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG