Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Украин генералы Залужныйдын жардамчысы колунда жарылган белектен мүрт кетти


Генерал Валерий Залужныйдын жардамчысы мүрт кеткен жер. 6-ноябрь, 2023-жыл.
Генерал Валерий Залужныйдын жардамчысы мүрт кеткен жер. 6-ноябрь, 2023-жыл.

Киевдин жанындагы Чайка айылында болгон жарылуудан Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын жардамчысы, 39 жаштагы майор Геннадий Частяков мүрт кетти.

Залужныйдын айтымында, Частяков «үй-бүлөсүнүн курчоосунда туулган күнүн белгилеп жатып, трагедиялуу кырдаалда» көз жумду. Генерал жардыруучу зат Частяковдун туулган күнүнө арнап берилген белектердин биринде болгонун кошумчалады.

Ал Частяковдун өлүмүн жеке өзү жана жалпы украин Куралдуу күчтөрү үчүн оор жоготуу деп мүнөздөдү.

Частяковдун аялы билдиргендей, майор үйүнө граната түрүндөгү рюмкалар жана спирт ичимдиги куюлган бөтөлкөсү бар белекти ачып жатканда жарылуу болгон. Андан аскердин 13 жаштагы баласы жарадар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG