Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Садыр Жапаров маалымат күнү менен куттуктап, журналисттердин жоопкерчилигин эскертти


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу маселени бүгүн 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосунда президент Садыр Жапаров көтөрдү. Кыргыз журналистикасы өлкөнүн эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салымын кошуп келе жатканын белгилеген мамлекет башчы жоопкерчилик да күчөгөнүн кошумчалады:

“Бүгүн маалымат алмашуу чагылгандай тездик менен жүрүп жаткан мезгил. Керек болсо жаңылыктар бир нече секунданын ичинде Жер шарын айланып өтөт. Бул ыкчам доордо сиздер аркалаган кесиптин – жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду өзгөчө мааниге ээ. Заман жүгүнө жараша басылмалардын мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө, интернет аркылуу окурмандардын саны да артууда. Мындай шартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөйт. Анткен менен көп кылымдык басма салты жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын басып өткөн тарыхы жоголгон жок деп ишенем. “Төртүнчү бийликтин” күчү буга чейин да замандын кубаттуу кыймылдаткычы болуп келген, мындан ары да болуп кала берет”.

Бүгүн 7-ноябрда Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Ушул күнү, 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыз тилиндеги алгачкы гезит “Эркин-Тоо” жарык көргөн. Өкмөттүн бул күндү жыл сайын кыргыз журналистикасынын күнү катары белгилөө тууралуу токтому 1993-жылдын 1-ноябрында чыккан.

Бийлик былтыр “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал медиа коомчулуктун сынына кабылып келет.

Дагы бир сунушу сөз эркиндигин чектейт деген кооптонуу жаратууда. Ал парламентте каралып жаткан “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам долбоору.

Азыркы бийликтин тушунда бир катар эркин журналист жана блогер ар кандай кылмыш ишине айыпталып, айрымдары абакта отурат. Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен камалып, үч жылдык пробациялык жаза менен бошотулган. Журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөлүү деп табылып, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза чегерилген. Ушундай эле пробациялык жаза Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогерге дагы колдонулду. 20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев “калайман башаламандык” беренесине айыпталып үй камагында.

Коррупция тууралуу курч иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Болот Темиров былтыр ноябрда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган.

Бийликтин сындап жүргөн эркин журналист Айданбек Акмат, Эрлан Бекчоро жана блогер Атай Бейшенбек бир нече оор берене боюнча айыпталып жатат.

"Азаттыктын" сайты былтыр октябрдан тартып дээрлик тогуз ай бөгөттөлүп турду. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG