Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Нобел сыйлыгынын лауреаты Наргиз Мохаммади Иран түрмөсүндө ачкачылык жарыялады


Наргиз Мохаммади
Наргиз Мохаммади

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, 31 жылга кесилип, Тегерандагы шарты катаал Эвин түрмөсүндө отурган Наргиз Мохаммади ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу укук коргоочунун туугандары жана боштондугу үчүн өнөктүк жүргүзгөндөр Инстаграмга жазды.

Маалыматка караганда, Наргиз тиешелүү медициналык жардам ала албаган соң ушундай кескин чарага барды. Түрмө жетекчилиги ал жоолук салынбагандыктан эки жолу "Тез жардам" чакыруудан баш тарткан.

"Түрмөдөгү “ишенимдүү” дарыгер койгон диагнозго ылайык, Мохаммадини токтоосуз Жүрөк жана өпкө илдеттерди дарылаган ооруканага которуу керек. Бир жума өтсө да алар жардам көрсөтпөй жатат", - деп Наргиздин жакындары Инстаграмга жазды.

Иран бийлиги азырынча укук коргоочунун ачкачылык кармаганын расмий бышыктай элек.

Быйыл 6-октябрда Наргиз аялдардын укугун басмырлаган иран режимине каршы тайманбай күрөшкөнү үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган.

51 жаштагы Наргизди Иран бийлиги 13 жолу камап, беш жолу соттогон. Соңку жолу 2021-жылы майда активистке "саясий системага каршы пропаганда жүргүзгөн, "жалган жалаа жапкан" жана "түрмө жетекчилигине каршы көтөрүлүш уюштурган" деген кине тагылган.

Наргиз биринчи жолу 1998-жылы иран өкмөтүн сындаганы үчүн камалып, бир жыл темир тор артында отурган. 2010-жылы сот аны Адам укуктарын коргоо борборуна мүчө болгону үчүн айыптап, 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө күрөө менен чыгарган.

2022-жылы жарыкка чыккан "Ак кыйноо" деген китебинин өзөгүн Наргиздин түрмөдөгү аялдар менен интервьюлары түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG