Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

“Саймалуу-Таш санаты” айтышынын тандоо туру аяктады


“Саймалуу-Таш санаты” айтышынын катышуучулары.
“Саймалуу-Таш санаты” айтышынын катышуучулары.

Бүгүн 6-ноябрда Бишкекте төкмө акындардын “Саймалуу-Таш санаты” аталышындагы республикалык айтышынын тандоо туру жыйынтыкталды. Улуттук тарых музейинде өткөн иш-чарага жалпысынан 34 акын катышып, калыстардын чечими менен 16 акын тандалып алынды.

Алар – Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Акматбек Султан уулу, Арген Биймырза уулу, Тынчтыкбек Эсенбай уулу, Темирбек Матыбаев, Элмирбек Иманалиев, Шайлообек Отунчиев, Жибек Сапар кызы, Жамайка Токонова, Тынарбек Бураев, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Турат Жумаев, Абдылда Нуралиев жана Максат Кулуев.

Топтон суурулуп чыгып, атаандаштарынан өтүп артыкчылык көрсөткөн 16 төкмө акындын айтышы эми 18-ноябрда Тогуз-Торо райондук А.Сыдыков атындагы Маданият үйүндө өтөрүн Кыргыз улуттук “Манас” театры кабарлады.

Жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзүүдө.

Айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен "Манас" театры Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурууда. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG