Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Украин Коргоо министрлиги аскерлердин өлүмүн текшерүүдө


Украинанын коргоо министри Рустем Умеров
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Закарпатье бригадасындагы аскерлердин өлүмүн текшерүү буйругун берди. Мунун алдында украиналык маалымат каражаттары, анын артынан бийлик Орусияны аткылоосунан Запорожье облусунда майданга жакын жерде сыйлыктарды тапшыруу аземине чогулган ондогон жоокер набыт болгонун жана жараат алганын билдиришкен. Министр ал окуянын чоо-жайы териштирилерин Фейсбукка жазды. Канча аскер каза тапканы айтылган жок. Закарпатье облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, 3-ноябрда эртең менен аскерлер артиллерия кунүнө карата медалдарды тапшыруу салтанатына фронтко жакын жердеги айылга чогулганда орусиялык “Искандер” ракетасынан сокку урулган. Ошондо көптөгөн жоокерлер өлгөнү кабарланган.

"Украинская правда" гезити Ички иштер министрлигине шилтеме менен жоготуулар 20дан ашканын жазган. Орусиялык "Рыбарь" деген Телеграм канал булакты айтпастан, 50 киши каза болгонун маалымдады. Адатта согуш шартында тараптар душмандын жоготууларын көбөйтүп көргөзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG