Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Газадагы согушту токтотууну талап кылган акциялар уланууда


Палестиналыктарга тилектештик билдирген акция. Лондон. 4-ноябрь, 2023-жыл
Палестиналыктарга тилектештик билдирген акция. Лондон. 4-ноябрь, 2023-жыл

Дүйнөнүн булуң-бурчунда Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууну талап кылган массалык акциялар уланууда. АКШ, Канада, Европа, Жакынкы Чыгышта, Азия менен Африкада палестиналыктарга тилектештик билдирген демонстрацияларга он миндеген киши катышты. Катышуучулар “Палестинага эркиндик” деген ураан чакырып турушту. Вашингтондо ишемби, 4-ноябрда жаңжал башталгандан берки эң ири акция өткөнү кабарланды.

Би-Би-Си маалымдагандай, чогулгандар “Газанын камоолун токтоткула!”, "Палестиналыктардын өмүрлөрү маанилүү” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Франциянын бийлиги коомдук тартип бузулат деп, буга чейин палестиначыл митингдерге тыюу салган. Кийин бул чектөө алынып, ишембиде Парижде чоң демонстрация өттү.

Лондондо жана британ шаарларында да акциялар болду.

Аргентинанын адам укуктарын коргоо топтору жана мусулман уюмдары 3-ноябрда Буэнос-Айрестеги жүрүштө Газада ок атууну токтотууну талап кылышты. Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси Адолфо Перес Эскивель Газаны бомбалоо токтомоюнча, демонстрацияларды улантууга чакырды.

Буга чейин бир катар өлкөлөрдө ХАМАСтын Израилге кол салуусун айыптаган митинг, жүрүштөр да уюштурулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG