Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун санарип жана бизнес форумдарын өткөрүүнү сунуштады


Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери.
Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери.

Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында санариптик форум жана ишкерлердин бизнес форумун өткөрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн 3-ноябрда президент Садыр Жапаров уюмдун Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн саммитинде айтты.

Жапаров бүгүнкү күндө санариптик технологиялар калктын жана бизнестин ыңгайлуу жашоого болгон керектөөлөрүн гана чечпестен, санариптик экономиканын чегин жана мазмунун аныктап жатканын белгиледи:

“Биздин экономикалык күн тартибибизде соода, транспорт, бизнес, бажы жана чек ара тармактарына санариптик технологияларды ырааттуу түрдө ишке киргизүү биздин өнүгүү максаттарыбызга бир кыйла деңгээлде жетишүүгө жакшы мүмкүндүк берет. Экономикалык кызматташтыктын дагы бир маанилүү багыты – түрк өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү менен ишкерлеринин биригүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Ушуга байланыштуу ишкерлер чөйрөсүнүн соода байланыштарын, жеткирүү чынжырчаларын жана жалпысынан интеграциялык процесстерди тездетүү максатында кийинки түрк бизнес-форумун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштайм”.

Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG