Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Өкмөт бийик тоолуу, шарты катаал айылдардын тизмесин өзгөртөт


Нарын районунда айыл-кыштактардын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу, шарты катаал аймактардын тизмесине кирген.
Нарын районунда айыл-кыштактардын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу, шарты катаал аймактардын тизмесине кирген.

Кыргызстандагы бийик тоолуу, шарты катаал калктуу конуштардын тизмесин кайра карап чыгуу үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төргасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген бул комиссияга Жогорку Кеңештеги бардык фракциялардын, тиешелүү мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрү жана Улуттук илимдер академисиянын окумуштуулары кирген.

"Бул инвентаризациялоо ишинин жыйынтыгында 1990-жылдары бекитилген тизмелерге Министрлер Кабинети тактоо жана толуктоо киргизүү үчүн Жогорку Кеңешке сунуштарды жөнөтөт. Кандай болгон күндө дагы, бардык өзгөрүүлөр этап-этабы менен жүргүзүлөт. Мурунку чектелген төлөмдөр кыскартылбашын камсыз кылышыбыз керек. Эл менен кеңешип, азыркы жаңы курулган ири жолдор, климат, аба ырайы да өзгөргөнүн жана эл аралык жана атамекендик окумуштуулардын пикирин эске алышыбыз милдет” - деди Эдил Байсалов.

"Илимий изилдөөлөргө таянып, эл аралык сунуштамаларды жана колдонмолорду жетекчиликке алуу менен, бийик тоолуу калктуу конуштарга деңиз деңгээлинен 2000 метрден жогору жайгашкан калктуу конуштарды гана киргизүү сунушу талкууга алынды. Бүгүнкү күндө бийик тоолуу калктуу конуштардын бекитилген тизменин ичинде 2000 метрден төмөн жайгашкан калктуу конуштардын саны 30%ды түзөрү белгилүү болуп, ошол эле учурда жогоруда аталган тизмеге кирбеген дагы бир топ калктуу конуштар аныкталган",-деп жазылган өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, бийик тоолуу шарты катаал аймактарга жашагандарга пенсияга эрте чыгуу, айлыган акча кошуп берүү, кошумча төлөмдөр өңдүү айрым жеңилдиктер каралган.

Буга чейин айрым айыл-кыштактар бул тизмеден чыгарылган жана ал жергиликтүү тургундар арасында нааразылык жараткан учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG