Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Израилдин танктары жана аскерлери Газа шаарын көздөй жылды


Газа тилкеси. 2-ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. 2-ноябрь, 2023-жыл

Израилдин танктары жана аскерлери бейшембиде Газа шаарына карай жылды. Бирок, “Рейтерс” агенттиги жазгандай, минометторду колдонгон согушкерлердин туннелдерден кол салуусуна кабылды.

Газа тилкесинин негизги шаары Израиль аскерлеринин чабуулунун чордонунда болуп келатат. Жергиликтүү жашоочулар калаа түн бою бомбаланганын 2-ноябрда кабарчыларга айтып беришти.

Ал арада эл аралык коомчулук гуманитардык тыныгуу жарыялоого чакырып келатышат. Камоолго алынган жана тынымсыз соккуларга туш болгон тилкенин тургундары азык-түлүк, күйүүчү май, таза суу, ары-дармектин тартыштыгынан жапа чегип келатат. ЮНИСЕФ бир нече күн мурун туздуу суу ичүүгө аргасыз болгон балдар ооруп жатканын эскерткен.

Газадагы 35 оорукананын 30% иштебей турат. Көбү качкындар башкалкалаган жайларга айланган. Бириккен Араб Эмираттар миң наристени дарылоону сунуш кылса, Түркия рак оорусунан жабыркаган бейтаптарды алып кетүүнү көздөөдө.

Израил шейшемби жана шаршемби күндөрү Газадагы Жабалия качкындар лагерине абадан сокку урганда ХАМАСтын эки аскердик командачысын жок кылганын билдирген.

“Рейтерстин” маалыматына караганда, Израил радикал топ командалык борборун жана “террордук инфраструктурасын калк жашаган имараттардын айланасына жайгаштырып, элди кооптуу абалга атайлап кептеген”, - деп айтты.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Израилдин “пропорционалдуу эмес соккулары согуш кылмыштарына жакындашы мүмкүн” деген камтамасын билдирди.

Газаны башкарган ХАМАСтын басма сөз кызматы Жабалияда эки соккудан кеминде 195 палестиналык каза тапканын, 120 кишинин дайыны белгисиз болуп жатканын, 777 киши жараат алганын жазды.

Анклавды башкарган ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун жерде операция баштаган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 9 миңден ашык киши каза тапканын, 3760ы балдар, 2 миңден көбү аялдар экенин билдирди.

Израил тараптагы жоготуулар 1400 киши деп кабарланган, алардын 300 чактысы аскерлер. Дагы 200дөн ашуун киши ХАМАСтын барымтасында калууда.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG