Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Активист Жыланбаев соттун ачык өтүшүн талап кылып, оозун тигип алды


Катталбаган «Алга, Казакстан!» партиясынын лидери Марат Жылынбаев. Астана, 30-октябрь, 2023-жыл
Катталбаган «Алга, Казакстан!» партиясынын лидери Марат Жылынбаев. Астана, 30-октябрь, 2023-жыл

2-ноябрда казакстандык "1612 Info" Телеграм каналы активист, жөө күлүк Марат Жыланбаевдин сотунан кыска видео жарыялады. Сүрөттөрдө ал “нааразылык иретинде оозун тигип алганы” жазылган кагазды кармап турат.

“Азаттыктын” казак кызматы Астана шаарынын тиешелүү департаментине кайрылганда, бул маалымат тастыкталды. Департамент өкүлдөрү активист тамактан баш тартканын, “профилактикалык баарлашуудан” кийин оозундагы жиптерди алганын кошумчалашты.

Каттоодон өтө албай жаткан оппозициялык «Алга, Казакстан!» партиясынын лидери Жыланбаевге каршы сот жараяны 30-октябрда башталган.

"Аты аталбаган" күбөлөрдүн өтүнүчү менен ал жабык режимде өтүүдө. Айыпталуучу, тарапташтары жана авдокат буга каршы чыгышкан.

Быйыл май айында марафонго адистешкен 60 жаштагы атлет административдик иш боюнча камакка алынган. Кийин ага карата «тыюу салынган уюмдун ишмердигине катышуу», «экстремисттик уюмду каржылоо» беренелери менен кылмыш иш козголгон.

Жыланбаев казак бийлигин сындап, тынч акцияларга катышып жүргөнү менен белгилүү. Ал тагылып аткан күнөөнүн бардыгын четке кагууда. Активист жана санаалаштары иштин артында саясий жүйө турат деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG