Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Санду Москваны "молдовалык шайлоочуларды сатып алууда" деп айыптады


Майя Санду
Майя Санду

Молдованын президенти Майя Санду жергиликтүү шайлоо алдында добуш берүүчүлөрдү «сатып алууда» деп Орусияны айыптады. Саясий өнөктүк 5-ноябрда өтмөкчү.

«Рейтерс» агенттиги Сандунун Москва эки айдын ичинде «кылмыштуу топторго» 5 миллион долларга тете акча которгону тууралуу сөздөрүн келтирет. Ошол топтордун арасында Молдовада орусиячыл деп аташкан «Шор» партиясы бар. Быйыл июнда сот анын «Конституцияга каршы келерин» таанып, бирок октябрда шайлоого катышууга уруксат берген.

«Орусия мурда Молдованы башкарган адамдарды сатып алчу. Мындан ары андай мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, молдовалык жарандарды сатып алууда», - деп айтты Санду.

«Рейтерс» түшүндүргөндөй, өлкөнүн буга чейинки өкмөттөрү бир нече ири коррупциялык жаңжалдарга аралашкан.

Президент полицияны күнөөлүүлөрдү жазалоого, шайлоочуларды добуш берүүдө өзүнүн партиялаштарын колдоого, муну менен батышчыл багытты жактырышканын көргөзүүгө үндөдү.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG