Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Министр “Тез жардамга” дарыгер жетишсиз болгондуктан студенттер тартылып жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте “Тез жардам” кызматында иштегенге дарыгер жетишсиз болгодуктан студенттер тартылып жатканын бүгүн 2-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

“Бишкек шаарында “Тез жардам” жете турган болду, бирок дарыгер жок болуп жатат. Айлыгы аз, ал эми жумушу оор болгондуктан дарыгерлер аз болуп, “Тез жардамда” жаш адистер менен клиникалык ординаторлорду, студенттерди иштетип жатабыз”.

Быйыл 1-августта Бишкектин “Тез жардам” кызматында иштегендер маяна маселесинен улам Саламаттык сактоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгып, орточо айлыгы 11-15 миң сомдон болуп жатканын айтышкан.

Маянадан тышкары “Тез жардам” кызматынын машинасы талкаланган, сүзүлгөн, кызматкерлери сабалган, түрдүү кырсыкка кабылган, айрымдары майып болуп калган учурлар катталып келет. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG