Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Салык кызматы он айда дээрлик 148 млрд сом жыйнады


Кыргызстандын улуттук валютасы – сом. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын улуттук валютасы – сом. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгында 199 млрд 938,5 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу 2-ноябрда мекеменин жетекчиси Алтынбек Абдувапов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, муну менен белгиленген план 2,9 млрд сомго ашыкча аткарылган. Жыйналган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,1 млрд сомго көп экени да айтылды.

Он айда топтолгон каражаттардын ичинен 147 млрд 999,1 млн сом салык жана төлөмдөргө туура келет. Бул сумма былтыр январь-октябрда 125 млрд 287,2 млн сомду түзгөн.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун билдиришинче, салык жана башка төгүмдөрдү жыйноонун көбөйүшүнө көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү оң таасирин тийгизген.

Салык кызматынын сайтында жазылгандай, алар 2023-жылы республикалык бюджетке 171 млрд 410 млн сом салык, жергиликтүү бюджетке 22 млрд 967 млн сом салык жыйнашы керек. Мекеме ошондой эле быйыл 54 млрд 485 млн камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу планын койгон, мунун он айдагы суммасы 51 млрд 939,4 млн сомду түзгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG