Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды


Бишкек. 1-ноябрь, 2023-жыл
Бишкек. 1-ноябрь, 2023-жыл

Акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү аныкталды.

Зайырбек Ажыматов атындагы коомдук фондунун сыйлыктары жаш акындар Айзат Кудайберген кызы Улукбек Омокеев жана "Азаттык" радиосунун журналисти Нурболот Азаматка ыйгарылды.

Сыйлык акындын "Жарты кайык" аттуу эскерүү иш-чарасында тапшырылды. Ал жыл сайын 35 жашка чыга элек акындарга ыйгарылат.

«Азаттык» радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 28-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Анын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Бир топ ырларына обончу-композиторлор обон жараткан.

Ажыматовдун чыгармачылыгында мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG