Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Газадан эвакуацияланган кишилердин алгачкы тобу Египетке келди


Рафах чек ара өткөөлү. 1-ноябрь, 2023-жыл
Рафах чек ара өткөөлү. 1-ноябрь, 2023-жыл

Газадан эвакуацияланган карапайым кишилердин алгачкы тобу Египетке келди. Куралдуу жаңжал башталгандан бери тилкеде камалып калган чет элдик жарандарды жана жарадарларды Рафах чек ара бекетине жеткиришти.

Катардын ортомчулугу менен жетишилген макулдашууга ылайык, Египет менен Газанын ортосундагы Рафах чек ара пункту чет элдиктерди жана изралдиктердин аба соккуларынан жарадар болгон ондогон жергиликтүү кишилерди чыгаруу үчүн шаршембиде убактылуу ачылган. 1-ноябрда ал жерден 500 кишинин өткөрүлөрү кабарланган.

“Рейтерс” агенттиги жазганына караганда, гуманитардык жааттагы мындай алга жылууга карабай, Израилдин согуштук учактары, кемелери жана артиллериясы Газага сокку урууну улантып жатат. Палестинанын жашоочулары жайкын адамдар арасындагы көптөгөн жоготуулар тууралуу айтышууда.

Ооруканалар күйүүчү майдын тартыштыгынан жапа чегип келатат. Тилкедеги гуманитардык абалды эл аралык уюмдар «апаат» деп сүрөттөшөт.

Анклавды башкарган ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы блокадага алган Газаны бомбалап, бир нече күн мурун жерде операция баштаган.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 8 миң 796 киши каза тапканын, 3 жарым миңден ашууну балдар экенин билдирди.

Израил тараптагы жоготуулар 1 миң 400 киши деп кабарланган, алардын 300 чактысы аскерлер.

Израилдин армиясы шейшембинин кечинде Газанын түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагери орун алган аймакка сокку урганда кеминде 50 киши каза болгонун палестин жетекчилиги маалымдаган. Жөөт аскерлери ХАМАСтын кол башчысын жок кылууну көздөгөнүн айтышкан.

БУУ, Евробиримдик тараптарды эл аралык гуманитардык укукту сактоого, карапайым элди коргоого чакырышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG